Расул-Акрам ислам институту

ХАМСТЕР КОМБАТ АРКЫЛУУ ТАБЫЛГАН АКЧА АДАЛ ЭМЕС.

#

ХАМСТЕР КОМБАТ АРКЫЛУУ ТАБЫЛГАН АКЧА АДАЛ ЭМЕС.

Азыр учурда эл арасында, өзгөчө жаштар арасында телеграмм каналында хамстер комбат аттуу оюн пайда болгон. Оюндун негизи: колдон келишинче чычканды басып көбүрөөк монета топтоо. Натыйжада ал монеталарды оюн ичинде түрдүү нерселерге алмаштырууга болот. Оюнчулардын негизги максаты оюн аркылуу табылган виртуалдуу монеталарды түрдүү биржаларды криптоволютага алмаштырып, ал эми криптоволютаны накталай акчага алмаштыруу болуп саналат, оюнду чыгаргандар ушул нерсени айтып, элди кызыктырып, блогерлер аркылуу активдүү реклама кылып жатышат. Бирок ал монеталарды криптага алмаштыруу күмөндүү болууда, башка сөз менен айтканда алдыда толук белгисиздик жатат.

ШАРИАТ көз карашы менен караганда, бул оюн аркылуу эгер чындап эле акча табыла турган болсо, ал адал акча эмес болуп саналат. Себеби:

  • Белгисиздик. Шариатта кандай гана соода же акчага байланыштуу келишим болбосун, ортодо пайда болгон белгисиздик ал келишимди жокко чыгарып, жарамсыз кылат.
  • Табылган акчанын каршысында эч нерсе жок. Бул жол менен акча табуу шариаттагы акча жолдорунун бирине дагы төп келбейт. Себеби акчага ээ болуу үчүн шариатта же товар сатылыш керек, же ижара аркылуу акчага ээ болуу керек, же башка бирөөгө келишим менен жумуш кылып берүү керек ж.б.
  • Сүткорлук күмөнү бар. Сүткорлуктун арам болуусунун себептеринин бири абадан акча табуу. Ал эми бул оюн аркылуу акча табуу бир тараптан абадан акча табууга толук окшоп кетет.
  • Кошумча. Хамстер комбат аркылуу акча табуу сөзсүз биржалар аркылуу болот. Азыркы учурдагы онлайн биржалар аркылуу акча табуу шариаттын көз карашында адал эмес, алардын адал эместигине далилдер адбан көп.

Кошумча нерсе хамстер комбат элдин убактысын от саманды жегендей жейт. Элдер күнү түнү көбүрөөк монетага ээ болобуз деп кымбат баалуу убактыларын кетирүүдө. Убакытты жөндөн текке кетирүүдө эч кандай жакшылык жок, эртең кыяматта хадистерде келгендей, кетирген убактыбыз үчүн катуу жоопко тартылабыз.

42