Расул-Акрам ислам институту

Адамдын өзүнө өзү суктануусу...

#

إعجاب المرء بنفسه دليل على ضعف عقله

Адамдын өзүнө өзү суктануусу акылынын алсыз (аз) экендигине далил.

يا بني كم نظرة جلبت حسرة و كم كلمة سلبت نعمة

Оо балакайм! Канчалаган көз артуу балээни пайда кылып, канчалаган сөз жакшылыкты тосуп койгон.

لا شرف أعلى من الإسلام و لا كرم أعز من الزهد و لا معقل أحرز من الورع و لا لباس أجمل من العافية و لا مال أهذب للفاقة من الرضي بالقوت و من اقتصر على بلغة الكفاف تعجل الراحة و تبوأ حفظ الدعة

Исламдан улуу сыймык жок. Зухдан (катуу такыбалык) өтөөр урмат жок. Такыбалыктан өткөн сактоочу жок. Ден соолуктан кооз кийим жок. Болгон азыкка ыраазы болуудан өтөр муктаждыкты кетире турган мал жок. Ким керектүү, зарыл гана нерселерге чектелсе, эс алат.

24