Үммөттү сынаган Палестина
Жетимиш жылдан ашуун Палестина эли куугунтуктук көрүп, өз жерлеринен айдалып, сионистик жөөттөр тараптан кырылууга дуушар болуп келүүдө. 2023-жылдын 7-октябрынан тартып, алардын зулумдук көрүүсү ого бетер күчөгөн. Азыркы учурга чейин Палестинанын көйгөйүн жөөттөр колдон келишинче ааламга тарабашына колдон келишинче аракеттерин жасап жүргөн, бирок былтыртан баштап алардын кылган иштеринин баардыгы ачыкка чыкты, бүткүл дүйнө алардын жырткычтыгын билүүдө. Соц тармактардан байкасак болот мусулмандар менен бирге мусулман эмес элдер дагы Палестинанын эркин болуусун колдоп келип жатат. Дүйнөдөгү адамгерчилиги бар ар бир адам Палестинаны колдойт жана Израильдин жыркычтыгына каршы чыгат. Учурда биздин колдон келе турган иш - Израильди колдогон компаниялардын продукциясына бойкот жарыялап, кайрымдуулук фонддор аркылуу акчалай жардам берип, ар бир намазда Палестинага дуба кылуу. Эгер биз бул көйгөйгө кайдыгерлик мамиле жасай турган болсок, эртең кыяматта суракка тартылабыз: "Диндеш бир туугандарың кырылып жатканда буга тоскоолдук кылуу үчүн эмне жасадың" - деп.
Айта турган болсок бир жылдын ичинде Израиль тараптан 50 000 ден ашуун палестиналык өлтүрүлдү жана бул сан күндөн күнгө өсүүдө!!!