Расул-Акрам ислам институту

Оо менин бир тууганым!

#

Оо менин бир тууганым!

 

Билбейм такыр майдаланып жатабыз,

Алыстады жакын болгон арабыз,

Күндөн күнгө,күчөп барат ичибизде.

Көөдөн кыскан көкүрөктөгү жарабыз.

 

 

Дүнүйө деп катуу берилип алабыз,

Акча үчүн тобекелге барабыз.

Эми айтчы!Оо менин бир тууганым!

Жарабызга кантип дабаа табабыз.

 

 

Өлүк үчүн жерди дагы сатабыз,

Өлүп калсак бир чуңкурда жатабыз.

Билип туруп,өлүмдүн бар экенин,

Билмексенге алып коюп,качабыз.

 

 

Ичибизге кекти бекем сактайбыз,

Байды көрсөк дароо аны тактайбыз.

Байлыгына жетиш үчүн ал адамдын,

Жок жерден мактоо айтып,баштайбыз.

 

 

 

Илим албай,динибизди билбейбиз,

Акыл айтса аны көзгө илбейбиз.

Аттиң арман! акча үчүн бир адамды,

Соц тармакта катуу айтып,тилдейбиз.

 

 

Кайгы-муңдар толуп кетти ичибизде,

Ишенбейбиз дагы эле бир-бирибизге.

Айтчы эми!Оо менин бир тууганым!

Мусулмандык сыпат бар кимибизде.

 

 

Ээ боло албай жатабыз тилибизге,

Кайдигербиз окуп албай,динибизге.

Айтчы кана!мына ушундай кылып жатсак

Кайдан келмек береке ишибизге.

 

 

Бузулуу бар,мусулмандын адебинде,

Чыгып жатса,жалгандар ар кебинде.

Жооп беребиз,капкараңгы кабырда

Жаткан бойдон оролуп,ак кепинде.

 

 

 

Күнөөбүзгө көз жаш төгүп ыйлабайбыз,

Илимдүүнү төргө өткөрүп сыйлабайбыз.

Кана айтчы!Оо менин бир тууганым!

Кимибиз эми чыныгы мусулмандайбыз.

 

 

Көйгөйдү убагында чечүүгө кызыкпайбыз,

Мына ушундан баарыбыз кырсыктайбыз.

Көз алдыңда парадан алып жатса,

Көрмөксөнгө алып коюп,унчукпайбыз.

 

 

Кээ бирөөгө мусулман биз оюнчуктайбыз,

Каршы туруп,арабыздан эр чыкпайбыз.

Каалагандай калчашат алар бизди,

Ошондо да колун кармап колтуктайбыз.

 

 

Кайдигербиз окуп жаткан намазыбызга,

Маани берип,укпайбыз азаныбызга.

Иштеп коюп,кол астында каапырдын,

Ыраазыбыз убагында акчасын алганыбызга.

73