Дауд пайгамбарга Забур китебинде мындайча аян кылынган экен:
Акылдуу кишинин электенээр иши үчөө:
- Акыретине азык камдоо;
- Жашоо-турмуш үчүн эмгектенүү;
- Адалдан таап ырахаттануу.
Акыл - түндө алдыңдагы шам чырак,
Билим алсаң маңдай ачык жаркырап.
Акыл, билим көп нерсеге жеткирет,
Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт.