Расул-Акрам ислам институту

Пайгамбарыбыздын (алейхи салам) кызыктуу баяны:

#

Абу Хурайра (разияллаху анху) Пайгамбар (алейхи салам) мындай дегенин баяндайт:

Үч нерсе адамды ийгиликке жеткирет:

  1. Көрүнөөдө да, көмүскөдө да Алладан коркуу;
  2. Жарадылыкта да, байлыкта да орточо болуу;
  3. Кубанганда да, ачууланганда да адилеттүү болуу.

Үч нерсе адамды кууратат:

  1. Өтө сараңдык;
  2. Напсиге кул болуу;
  3. Кекирейип бой көтөрүү.

​​​​​​​Үч нерсе адамдын мартабасын көтөрөт:

  1. Көрүнгөнгө салам берип, тынчтык тилөө;
  2. Колу ачык, дасторкону ачык болуу;
  3. Түнү тахажжуд намазын калтырбай окуу.

​​​​​​​Үч нерсе күнөөдөн тазартат:

  1. Чыкыроон суукта да толук даарат алуу;
  2. Ар дайым жамаатка (намаз үчүн) умтулуу;
  3. Намаз убактысын чыдамсыздык менен күтүү.

95