Жусуп Баласагын бабабыздын илимдүүлөр тууралу сөздөрү:
Дагы бир адамдар бар билими мол,
Билими жалпы журтка көрсөтөт жол.
Кадырлап, сыйлуу болгун алар менен,
Азбы-көппү, билимин алгын сен.
Жаман менен жакшыны билет алар,
Ак жолду ажыратып баарын табар.
Билимин алыш үчүн көңүлүн бур,
Ашык айтпай, белегиң жөнөтүп тур.
Алар түркүк жолунда акыйкаттын,
Билиминен күч алат шариат чын.
Болбосо кокус булар бу дүйнөдө,
Жерде жемиш мол болуп өнбөйт эле.
Билими даанышмандын элге жарык,
Жарык болсо түндө да жолуң анык.
Белек берип аларды урмат кылгын,
Аш берип ачык жүздөн күлүп тургун.
Иймейип ашык сөздү айта көрбө,
Уу болот артыкбаш сөз андай жерде.
Сый көрсөт, дасторконуң болсун ачык,
Кадыр тутуп аларды сыйла чачып.
Илимине ишенип, айтканын кыл,
Сөзүн бузуп ишине салбагын чыр.
Илими андайлардын сага керек,
Ак жолуңду адашпас айтып берет.
Аларды чыны отордо - эркеч сымал,
Баштаса койду алып чыгар.
Булар менен жакшы бол, ынтымак тап,
Эки дүйнө табасың кетпеген бак.