Расул-Акрам ислам институту

Бани исрайил коомунда илимге сапар алган жигит

#

Илгерки заманда Бани исрайил калкынын бир киши илим жолуна алыска аттангандыгы тууралуу ошол доордун пайгамбарына кабар жеткенде, пайгамбар аны чакыртып алып, байыркылардын-кийинкилердин илимин камтыган үч насаатты сага айтып койоюн деген экен:

  • Кайда жүрсөң да Кудай Тааладан корк;
  • Тилиңди тыя жүргүн да, жаамы журттун жакшылыгын айт, жамандыгын жашыр;
  • Жеген наныңдын адалдыгына маани бер.

Муну уккан жигит сапарга аттанбай калган экен.

65