Азирети Алинин (радияллаху анху) керемет насаты:
Али (радияллаху анху) айткан: "Эгер кимде Алла Тааланын сүннөтү, Пайгамбардын сүннөтү жана олуянын сүннөтү болбосо ал куру кол адам" - дегенде, алар кайсы сүннөттөр экендиги тууралу суралганда, мындайча жооп берген:
- Алла Тааланын сүннөтү - сыр сактоо.
- Пайгамбардын сүннөтү - ар кимге өзүнө ылайык жакшы мамиле кылуу.
- Олуянын сүннөтү - башкалардан көргөн кордукка чыдап жашоо.
Илгеркилер үч түрдүү касиетке үгүттөп, кат-кабар алыштан кездеринде кошо жаза кетээр эле:
- Кимде-ким акырет күнгө даярдыкта жашаса, анын бул дүйнөдөгү жана акыреттеги иштерин Алла Таала Өзү оңойт.
- Жан дүйнөсүн таза сактаган адамга Алла Таала көрүнөө көмөк көрсөтөт.
- Жараткан менен тыгыз мамиледе болгон кишини Алла Таала адамдарга сүймөнчүк кылат.