Диндин кабыгы эмне?
Хамиди Лаффаф (рахимахулла)га бир киши келип: Мага насаат айтыңыз - деп суранганда, ал айтыптыр: "Курандын кабыгындай, диниңдин да кабыгы болсун" - деп жооп берген. "Диндин кабыгы эмне?" - деп сураганда, ал мындай деп жооп берген:
- Зарыл болбосо сөз сүйлөбө;
- Зарылчылык туулбаса, кишилерге аралашпа;
- Анан дагы билип ал: Арамдын чоңуна эле эмес, кымындайына жолобостук, кыйынбы-оңойбу парздын бирин калтырбай аткаруу жана азбы-көппү дүйнөнү дүйнөкорлорго таштоо - чыныгы такыбалыктын башаты.