Расул-Акрам ислам институту

Ибн Аббастын (разияллаху анху) насааты

#

  •  Күндөрдүн улуусу - жума күнү;
  • Айлардын улуусу - рамазан айы;
  • Амалдардын улуусу - беш маал намаз: десе, муну уккан Азирети Али (разияллаху анху) айткан экен: "Батыш менен чыгыштын ортосундагы бүт аалымдардан сурасаң деле так мына ушинтип айтмак. Бирок менин айтмакчы болгонум:
  • Амалдардын жакшысы - Аллах Таала кабыл кылганы;
  • Айлардын жакшысы - күнөөдөн толук арылып тообого кайткан - ай;
  • Күндөрдүн жакшысы - ыйман менен өлгөн күн".

Акындардын бири айткан экен:

Жайлайт баарын убакыт жалмандаган,

Жыргалга биз батыппыз сайраңдаган.

Бул дүйнөнүн көркүнө ишенбейлик,

Түркүк болуп мында эч жан калбаган.

Өзүң үчүн жакшы иш кыл өлө электе,

Дос-жарларга док артып калган жаман.

74