Расул-Акрам ислам институту

Пайгамбар (а.с) жана сахабалар жактырган нерселер

#

Пайгамбарыбыз алейхи салам айткан:

"Бул дүйнөдө жактырганым үчөө:

- Жыпардын жыты;

- Жан жыргатаар аял;

- Бирок көзүмдүн карегиндей көргөнүм намаз".

Анда олтурган сахабалардын ичинен Абу Бакр (разияллаху анху) айтты:

"Туура айтасыз оо Алланын Элчиси! Мага жаккан үч нерсе:

- Пайгамбардын жүзүн көрүү;

- Ага жардам берүү;

Ага кыз берүү."

Анда Умар (разияллаху анху) айтты: "Туура айттыңыз, Абу Бакр! мага да үч нерсе жагат:

- Жакшылыкка үндөө;

- Жамандыктан кайтаруу;

- Жупуну кийинүү;"

Муну уккан Усман (разияллаху анху) айтты: "Туура айтасыз, Умар! мен жактырган үч нерсе булар:

- Ач калганды тоюнтуу;

- Жылаңачты кийинтүү;

- Дайыма Куран окуу;"

Анда Али (разияллаху анху) айтты: "Туура айтасыз, Али! Мага жакканы мына булар:

- Конокко кызмат кылуу;

- Жай саратанда орозо тутуу;

Кылыч ойнотуу."

Ушинтип турган кезде Жабраил алейхи салам келди да, Аллах Таала силердин ушул сөзүңөрдү угуп, мени жөнөттү деди. Ошондо Пайгамбарыбыз алейхи салам Жабраил алейхи салам периштеден: "Эгер сиз адам болуп жашап калсаңыз, эмнени жактырат элеңиз?" - деп сураганда ал айтты: "Үч нерсени жактырмакмын:

- Азып-тозгондордун ак жолго түшүшүнө себепчи болуу;

- Такыба карып-мискиндер менен бирге болуу;

- Көп балалуу кежейлерге жардам берүү."

Кийин Жабраил алейхи салам кошумчалап айтты: "Аллах Таала пенделериндеги үч түрдүү касиетти жактырат:

- Ар бир иште кайраттуулук;

- Күнөөгө өкүнүп ыйлоо;

- Жокчулукка чыдамкайлык".

54