Расул-Акрам ислам институту

Пайгамбарыбыздын (с.а.в) Абу Зарга айткан насааты

#

Оо Абу Зар!

  • Кемени жакшы ондо, деңиздин түбү терең;
  • Акырет азыгыңды толук камда, сапар өтө алыс;
  • Жүгүңдү жеңилдет, ашуу абдан бийик;
  • Кылганың чын ыкластан болсун, Жараткан баарын көрүп турат.

Акын айткан экен:

Тообо - милдет, үмүт отун тамызат,

Бирок күнөө кылба, болсоң аруу зат.

Кырсык келсе сабырдуулук кыйын иш,

Сооп жоголсо кабыргалар кайышат.

Кызык ушул учкан куштай убакыт,

А кызыгы: көптөр туйбай калышат.

Көрүнгөн тоо алыс эмес деген бар,

Бирок өлүм көз ирмемде жабышат.

51