Расул-Акрам ислам институту

Курбан айт тууралу

#

بسم الله الرحمن الرحيم

Анас бин Малик р.а дан риваят: Жахилият доорунда жыл сайын келчү эки күн бар эле, ал күндөрдү элдер ойноп күлүп майрамдашчу. Мадинага Пайгамбарыбыз келген кезде " Аллах силердеги оюн зоокко бөлөнүп майрамдаган эки күндү андан жакшыраак экөөсүнө алмаштырды. Алар айт жана курман айт" деди.

Айт намазы жума намазы сыяктуу ваажип болуп саналат. Жума намазына эмне шарт болсо, айт намазына да ошол нерселер шарт. Орозо айт күнү төмөнкү амалдарды аткаруу мусулман инсан үчүн сооптуу жана мустахаб:

  • Эртең менен бир нерседен даам татуудан тыйылуу намазга чейин;
  • Толук гусл кылуу;
  • Мисвак менен тиштерди тазалоо;
  • Жакшы атырларды себинүү;
  • Эң кооз кийимдерди кийүү;
  • Ошол күнү кубанычта болуу;
  • Мүкүнчүлүгүнө жараша садака берүү;
  • Эртелеп уйкудан туруу;
  • Эртелеп мечитке баруу;
  • Эртең мененки башымдат намазын мечитте окуу;
  • Мечитке жарыя такбир айтып баруу;
  • Мечитке жеткенде такбирди токтотуу;
  • Айт намаздан башка жол аркылуу үйүнө кайтуу;

Бул күн мусулмандардын майрамы, Аллах Таала бул күндү күбанычтын жана даам татуулардын күнү кылды, ошондуктан айт күнү орозо тутууга тыюу салынган.

79