Бактылуулуктун жана бактысыздыктын белгиси:
Азирети Пайгамбар алейхи салам айткан:
"Бактысыздыктын белгиси төртөө:
- Жараткандын алдында жазыла турганына карабай, жасаган күнөөсүн унутуу;
- Жасаган жакшылыгын Алла кабыл алдыбы, же жокпу, аны билбей мактануу;
- Байлыкта өзүнөн жогоркуларга суктануу;
- Динде өзүнөн төмөнкүлөргө назар салуу.
Бактылуулуктун белгиси да төртөө:
- Күнөөлөрдү унутпоо;
- Жасаган жакшылыгын унутуу;
- Динде өзүнөн өйдө тургандарга суктануу;
- Байлыкта өзүнөн төмөнкүлөргө карап шүгүр кылуу."