Азирети Алиге (разияллаху анху) берилген суроо...
Азирети Алиден (разияллаху анху) сурашыптыр: "Асмандан кенен, жерден оор, деңизден терең, таштан каттуу, оттон ысык, муздан суук, уудан ачуу нерсе барбы?" Азирети Али (разияллаху анху) буга мындай жооп берген экен:
- Адамга жала жабуу жерден оор;
- Акыйкат асмандан кенен;
- Каниеттүү адамдын көңүлү деңизден да терең;
- Мунафыктын дили таштан каттуу;
- Падышанын зулуму оттон ысык;
- Сараңга муктаждык муздан да суук;
- Сабырдуулук уудан да ачуу.