Исламский институт имени Расул-Акрама

Хасан аль Басри (рахматуллахи алейхи) айткан:

#

Хасан аль-Басрий (рахматуллахи алейхи) айткан: "Бир жигит менен кошо Басранын базарында баратып, даанышман табыпты көрдүк. Отургучунда отурат, айланасында эркек-аял, бала-бакыра болуп көп киши. Ар биринин колунда суу куйган идиш, ооруларына шыпаа болор дары сурап жатышкан экен. Жанымдагы жигит да алдыга өтүп даанышман табыпка мындай суроо узатты:

- Оо, кутман табып! Күнөө тазартчу, жан дүйнө дартын дарылай турган дарыңыз барбы?

- Ооба, бар - деди табып.

- Кана, бериңизчи - дегенде, табып айтты:

  • Кедейлик дарагынын тамырын,
  • Кичи пейилдик багынын тамырына  аралаштыр,
  • Анан ичине тобо жемишин кошуп,
  • Ыраазылык сокусуна сал,
  • Аны каниет сокбилеги менен жанч да,
  • Такыба казанына сал,
  • Үстүнө абийир суусун куйуп,
  • Махабат оту менен кайнат,
  • Анан шүгүрчүлүк кесесине куйуп,
  • Үмүт желпигичи менен суут,
  • Аны алкыш кашыгы менен ич!. Ушундай кылсаң гана дүйнө-акыреттин дарттарынан кутуласың."

61