Дуба кабыл болбошунун себеби...
Ибрахим ибн Адхам (рахматуллахи алейхи) айткан:"Дуба кылгыла, аны кабыл алам" деген маанидеги аятка таянып дуба кылсак да, кабыл болбогонунун себеби эмнеде? деп сурашканда, ал мындай деген:
"Он түрдүү себептен улам жан"дүйнөңөр кыйраган:
- Кудайды билип туруп, улуулугуна жараша кулчулук кылбайсыңар;
- Шайтандын душман экенин билесиңер, аны ээрчийсиңер;
- Пайгамбардын үммөтүбүз дейсиңер, анын сүннөтүн аткарбайсыңар;
- Бейишти жактырасыңар да, ага даярданбайсыңар;
- Тозоктон коркумуш болосуңар да, күнөодөн кайтпасыңар;
- Өлүм ак экенин билесиңер да, ага даярдык кылбайсыңар;
- Бирөөнүн айыбын чукуп, өзүңөрдүкүн жашырасыңар;
- Алла Таала берген ырыскыны жеп, ага шүгүр кылбайсыңар;
- Өлүктү көргө көмүп, андан үлгү албайсыңар, - дубаңардын кабыл болбогону мына ушундан."