Пайгамбарыбыздын (алейхи салам) кызыктуу баяны:
Абу Хурайра (разияллаху анху) Пайгамбар (алейхи салам) мындай дегенин баяндайт:
Үч нерсе адамды ийгиликке жеткирет:
- Көрүнөөдө да, көмүскөдө да Алладан коркуу;
- Жарадылыкта да, байлыкта да орточо болуу;
- Кубанганда да, ачууланганда да адилеттүү болуу.
Үч нерсе адамды кууратат:
- Өтө сараңдык;
- Напсиге кул болуу;
- Кекирейип бой көтөрүү.
Үч нерсе адамдын мартабасын көтөрөт:
- Көрүнгөнгө салам берип, тынчтык тилөө;
- Колу ачык, дасторкону ачык болуу;
- Түнү тахажжуд намазын калтырбай окуу.
Үч нерсе күнөөдөн тазартат:
- Чыкыроон суукта да толук даарат алуу;
- Ар дайым жамаатка (намаз үчүн) умтулуу;
- Намаз убактысын чыдамсыздык менен күтүү.