Исламский институт имени Расул-Акрама

Азирети Алинин (радияллаху анху) керемет насаты:

#

Али (радияллаху анху) айткан: "Эгер кимде Алла Тааланын сүннөтү, Пайгамбардын сүннөтү жана олуянын сүннөтү болбосо ал куру кол адам" - дегенде, алар кайсы сүннөттөр экендиги тууралу суралганда, мындайча жооп берген:

  • Алла Тааланын сүннөтү - сыр сактоо.
  • Пайгамбардын сүннөтү - ар кимге өзүнө ылайык жакшы мамиле кылуу.
  • Олуянын сүннөтү - башкалардан көргөн кордукка чыдап жашоо.

Илгеркилер үч түрдүү касиетке үгүттөп, кат-кабар алыштан кездеринде кошо жаза кетээр эле:

  • Кимде-ким акырет күнгө даярдыкта жашаса, анын бул дүйнөдөгү жана акыреттеги иштерин Алла Таала Өзү оңойт.
  • Жан дүйнөсүн таза сактаган адамга Алла Таала көрүнөө көмөк көрсөтөт.
  • Жараткан менен тыгыз мамиледе болгон кишини Алла Таала адамдарга сүймөнчүк кылат.

138