Ибн Аббастын (разияллаху анху) насааты
- Күндөрдүн улуусу - жума күнү;
- Айлардын улуусу - рамазан айы;
- Амалдардын улуусу - беш маал намаз: десе, муну уккан Азирети Али (разияллаху анху) айткан экен: "Батыш менен чыгыштын ортосундагы бүт аалымдардан сурасаң деле так мына ушинтип айтмак. Бирок менин айтмакчы болгонум:
- Амалдардын жакшысы - Аллах Таала кабыл кылганы;
- Айлардын жакшысы - күнөөдөн толук арылып тообого кайткан - ай;
- Күндөрдүн жакшысы - ыйман менен өлгөн күн".
Акындардын бири айткан экен:
Жайлайт баарын убакыт жалмандаган,
Жыргалга биз батыппыз сайраңдаган.
Бул дүйнөнүн көркүнө ишенбейлик,
Түркүк болуп мында эч жан калбаган.
Өзүң үчүн жакшы иш кыл өлө электе,
Дос-жарларга док артып калган жаман.