Пайгамбарыбыздын (с.а.в) Абу Зарга айткан насааты
Оо Абу Зар!
- Кемени жакшы ондо, деңиздин түбү терең;
- Акырет азыгыңды толук камда, сапар өтө алыс;
- Жүгүңдү жеңилдет, ашуу абдан бийик;
- Кылганың чын ыкластан болсун, Жараткан баарын көрүп турат.
Акын айткан экен:
Тообо - милдет, үмүт отун тамызат,
Бирок күнөө кылба, болсоң аруу зат.
Кырсык келсе сабырдуулук кыйын иш,
Сооп жоголсо кабыргалар кайышат.
Кызык ушул учкан куштай убакыт,
А кызыгы: көптөр туйбай калышат.
Көрүнгөн тоо алыс эмес деген бар,
Бирок өлүм көз ирмемде жабышат.